“Алайку Органикске” бизнес тур: студенттер өндүрүш менен жакындан таанышты

Main News

“Алайку Органикске” бизнес тур: студенттер өндүрүш менен жакындан таанышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес паркы студенттер жана окутуучулар үчүн «Алайку Органикс» ишканасына бизнес тур уюштурду.

Катышуучулар өндүрүш цехтери менен таанышып, ишкананын иш процесстерин жеринен көрүштү. Ошондой эле компаниянын түзүлүү тарыхы, өнүгүү этаптары, рыноктогу орду, өндүрүлгөн продукциялары тууралуу маалымат алышты.

Бизнес тур студенттерге теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, реалдуу өндүрүш шартында тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берди. Катышуучулар компаниянын табигый продукцияларынан да даам татышты.

Бул сыяктуу иш-чаралар аймактагы стартап экосистеманы өнүктүрүүгө жана жаш ишкерлерди колдоого багытталган. Бизнес парктын директору Эрлан Камалов мындай иш-чаралар билим берүү менен бизнестин байланышын чыңдоого жардам берерин белгиледи.

Ош мамлекеттик университети менен «Алайку Органикс» компаниясынын ортосунда кызматташуу келишими 2022-жылы түзүлгөн.

Photogallery