Бремен университетинин илимий кызматкери ОшМУда конок лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

Бремен университетинин илимий кызматкери ОшМУда конок лекция өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Чыгыш таануу институтунда Германиядагы Бремен университетинин илимий кызматкери, PhD Элира Турдубаева тарабынан онлайн форматта конок лекция өттү.

“Илимий изилдөөдөгү жасалма интеллект” аттуу лекцияга институттун студенттери жана магистранттары активдүү катышты. Алар заманбап технологиялардын илимдеги орду, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Элира Турдубаева жасалма интеллектти илимий изилдөөлөрдө колдонуу жолдоруна токтолуп, маалыматтарды талдоо, академиялык жазуу жана изилдөө процесстерин оптималдаштыруу боюнча жаңы ыкмалар менен бөлүштү. Ошондой эле ал жасалма интеллектти туура, этикалык колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар суроолорун берип, практикалык кеңештерди алышты.

Институттун директору Жолдошбек Бөтөнөев лекторго ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, дүйнөлүк илимий тажрыйба менен таанышууга жана заманбап технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.



 

Фото галерея