QS: ОШМУ ТУРУКТУУЛУК БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН РЕЙТИНГИНЕ КИРДИ
QS Туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк университеттердин рейтингинин 2026-жылдагы жыйынтыгын жарыялады. Рейтингге туруктуу өнүгүүгө бекем берилгендиги менен айырмаланган 2000 университет катышкан. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) курчап турган чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251-орунду, башкаруу багыттары боюнча 1107-орунду алды. Бул көрсөткүчтөр менен жалпы окуу жайлардын арасында 1501-орунду ээледи. Мында университеттин аткарып жаткан иш аракеттери атайын бааланган.
QS тарабынан жарыяланган «Туруктуулук 2026» рейтинги дүйнөдөгү университеттерди айлана-чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири боюнча аныктайт. Институционалдык таасир сегиз категория (же көрсөткүч) боюнча бааланат. Алар окуу жайдын адамдар жана планета үчүн позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү жөндөмүн чагылдырат. Бул рейтингдер ЖОЖдор экология, социалдык жоопкерчилик маселелерине канчалык деңгээлде көңүл буруп, бул багытта жүргүзүп жаткан иш аракеттери натыйжалуу экенин көрсөтөт.
![]()
QS RANKINGS ASIA 2026: ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 22-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
QS рейтингинин 2026-жылга Азия боюнча жыйынтыктары чыгарылды. Ага ылайык, бул жылы Азия континентинен 1526 университет катышып, 550 жаңы университеттер рейтингке кирди. Сурамжылоого 1,5 млн. академиялык эксперттер жана 520 миңге жакын иш берүүчүлөр катышкан. Elsevier платформасында жарыяланган 19.8 млн макалалар изилденген. Бул көрсөткүч QS рейтингин дүйнөдөгү эң алдыңкы рейтинг агенттигине айландырды. 2026-жылы QS рейтингине Борбор Азиядагы 73 университет катышты.
Анын ичинде Ош мамлекеттик университети 22-орунду багындырды. Бул жетишкендик ОшМУнун аймактагы кадыр-баркын көтөрүп, индекстелген басылмаларга катышуу, маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, базалык эл аралык деңгээлде минималдуу болуусу сыяктуу бир катар эл аралык талаптарга жооп берерин көрсөтөт.
|
№ |
Университет |
Упай |
Азиядагы оруну |
Борбор Азиядагы оруну |
|
1 |
Кыргыз-Түрк Манас университети |
46.8 |
230 |
12 |
|
2 |
Борбор Азиядагы Америка университети |
43.4 |
262 |
14 |
|
3 |
Ош мамлекеттик университети |
39.9 |
316 |
22 |
|
4 |
Кыргыз Улуттук университети |
35 |
391 |
25 |
|
5 |
Кыргыз-Россия Славян университети |
31.8 |
450 |
27 |
|
6 |
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети |
31 |
467 |
29 |
Өткөн жылдагы QS Asia-2025 рейтингине салыштырмалуу ОшМУ бул жылы жалпы 39.9 упай топтоду. Анын ичинен негизги критерийлери болгон академиялык репутация, иш берүүчүлөр арасындагы репутация, чет өлкөлүк профессордук окутуучулук курамдын көрсөткүчү, профессордук окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 2025-жылга салыштырмалуу 6 упайга көтөрүлдү. Бул натыйжалардын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети Азия университеттеринин 79,4%нан ашып өттү, өткөн жылы бул көрсөткүч 73,8% болгон
ОШМУ QS ДҮЙНӨЛҮК УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ПРЕДМЕТТИК РЕЙТИНГИНЕ КИРДИ
Кыргызстандын тарыхында Ош мамлекеттик университети биринчи болуп QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кошулду. ОшМУ аталган рейтингге заманбап тилдер программасы боюнча 301-350-позиция менен дебют жасады.
Мындай жыйынтык QS Quacquarelli Symonds эл аралык жогорку билим берүү аналитикалык агенттигинин дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингинин 15-чыгарылышында жарыяланды.
QS дүйнөлүк университеттердин рейтингинин 2025-жылкы басылышы 55 жеке предметти камтып, беш негизги багыттан турат. Алар – искусство жана гуманитардык илимдер, инженерия жана технология, жашоо илимдери жана медицина, табигый илимдер, коомдук илимдер жана менеджмент.
![]()
ОШМУ QS UNIVERSITY RANKINGS by REGION (РЕГИОНАЛДЫК) РЕЙТИНГИНДЕ
ОшМУ QS University Rankings by Region регионалдык рейтингинде Азиядагы эң мыкты университеттеридин катарына кирди. Муну менен 984 окуу жайдын ичинен 260-орунду ээледи. Ал эми Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен 13-орунду алды. ОшМУнун тарыхында бул эң мыкты жыйынтык болуп саналат.
QS World University Rankings агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн рейтинг дүйнө жүзүндөгү эң таанымал жана беделдүү деп эсептелет. Ал жыл сайын жаңыланып турат.
QS Азия рейтингдери аймактагы алдыңкы жогорку окуу жайларды белгилеп, алардын илим изилдөө, окутуу жана дүйнөгө тийгизген таасирин баалайт. Бул рейтингде болуу — мыктылардын катарына кирүү дегенди түшүндүрөт жана жогорку деңгээлде билим берүүгө жеткенин далилдейт. Ал үчүн университеттин академиялык, жумуш берүүчүлөр арасындагы бедели, илимий иштерине болгон шилтемелердин индекси, профессордук-окутуучулук курамдын студенттердин санына болгон катышынын көрсөткүчү, чет элдик окутуучу жана студенттердин үлүшүнүн көрсөткүчү, академиялык мобилдүүлүк багытындагы иш аракеттер каралат.
2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтингине Кыргызстандан алты жогорку окуу жай кирген. Анын ичинде ОшМУ да бар жана тизмеде экинчи орунду ээлеп турат. Буга чейин окуу жай “IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) - 2024” эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээлеген.
![]()
QS World University Rankings by Region
ОШМУ QS STARS РЕЙТИНГИНДЕ 4 ЖЫЛДЫЗГА ЭЭ БОЛДУ
ОшМУ дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдызга ээ болду жана “төрт жылдыздуу университеттердин” катарын толуктады.
QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ бир катар номинациялар боюнча жогорку баага ээ болуп, аймактагы алдыңкы университеттердин бири экенин тастыктады. Билим берүү жана ишке орноштуруу жаатында университетке рейтингде эң жогорку 5 жылдыз ыйгарылды.
QS Stars 8 түрдүү категориядагы 30 көрсөткүчтү колдонуу менен университеттерди баалаган көп өлчөмдүү рейтинг системасы. Анын ичинде профессордук-окутуучулук курамдан сырткары илимий изилдөө, эл аралык иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик иш-чаралары, студенттердин жашоо шарттары, спорттук жана маданий иш-чаралар сыяктуу критерийлерге деталдуу көңүл бурулат.
Рейтингдин негизги максаты студенттерге, алардын ата-энелерине жана эксперттерге ЖОЖдор тууралуу толук маалымат берүү болуп саналат. Университетке баа берүү көз карандысыз булактардын ар тараптуу талдоосуна, академиялык жана кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн сурамжылоонун жыйынтыгына, ошондой эле студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн пикирлерине негизделет.
![]()
ОшМУ QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кирди
Кыргызстандын тарыхында Ош мамлекеттик университети биринчи болуп QS дүйнөлүк университеттердин предметтик рейтингине кошулду. ОшМУ аталган рейтингге заманбап тилдер программасы боюнча 301-350-позиция менен дебют жасады.
Мындай жыйынтык QS Quacquarelli Symonds эл аралык жогорку билим берүү аналитикалык агенттигинин дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин жылдык предметтик рейтингинин 15-чыгарылышында жарыяланды.
![]()
ОШМУ ЕВРАЗИЯДАГЫ ЭҢ АЛДЫҢКЫ УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ҮЧТҮГҮНӨ КИРДИ
Ош мамлекеттик университети “IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) - 2024” эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээледи. Муну менен окуу жай Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүнө кирди.
Баалоо окуу жайдагы илимий потенциал, эл аралык аренадагы орду, билим берүү программаларынын сапаты, окутуучулар жана студенттер арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча аткарылып жаткан иштерге карата жүргөн. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, ачык-айкындуулук, объективдүүлүк, маалымат булактарынын жеткиликтүүлүгү да каралган.
"IAAR Eurasian University Ranking" эл аралык рейтинги жыл сайын жарыяланат. Быйыл Казакстан, Нидерландия, Индия, Түркия, Латвия, Азербайджан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир топ мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышкан.
![]()
ОШМУ УЛУТТУК РЕЙТИНГГЕ ТОП-7инин ИЧИНЕ КИРДИ
Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Мында ЖОЖдор академиялык бедел, иш берүүчүлөрдүн баалары, окутуунун сапаты, цитирлөө индекси, чет элдик мугалимдердин саны, чет элдик студенттердин саны алты критерийдин негизинде бааланды.
Ош мамлекеттик университети – 415.84 балл менен жалпы рейтингинде топ-5тин ичине кирди.
Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.