23-апрелде ОшМУнун Финансы жана юридикалык коллежинин кыргыз тили мугалими Асилбек Айтманбетов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде конок лекция өттү.
Ал кыргыз элинин салттуу саламдашуу маданияты кайдан келип чыкканын, кантип калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин кандай өзгөргөнүн айтып берди. Лекция презентация менен коштолду.
Студенттердин кызыгуусун арттыруу үчүн ролдук оюндар уюштурулду. Бул ыкма теорияны практика жүзүндө өздөштүрүүгө жардам берди.
Иш-чаранын аягында факультеттин директору Абдысатар Эргешев лекторго ыраазычылык билдирди. Ал лекция улуттук баалуулуктарды даңазалап, «Үңгү жол – Улуттук рух – Дүйнөлүк бийиктиктер» улуттук доктринасына туура келерин айтты. Ошондой эле мындай жолугушуулар студенттердин көз карашын кеңейтип, практикалык билим алуусуна чоң жардам берерин кошумчалады.
Лекция «Кыргыз маданиятындагы саламдашуу этикети» деген темада гуманитардык жана табигый илимдер факультетинде болду.