ОшМУда улуттук баалуулуктар даңазаланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда улуттук баалуулуктар даңазаланды

Image

24-апрелде Ош мамлекеттик университетинде улуттук баалуулуктарды даңазалаган маданий иш-чара өттү. «Уңгужол – улуттук баалуулуктар» деген иш-чара илим жумалыгынын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Мастура Шарипова катышты. Ал мындай демилгелер жаштардын улуттук аң-сезимин ойготуп, тарыхый мурасты урматтоого үйрөтөрүн айтты.

Студенттер улуттук кийимдерди кийип, кыргыз элинин маданий мурасын көрсөтүштү. Алар элечек, чапан, белдемчи сыяктуу кийимдердин тарыхын, маанисин жана кайсы тойдо кийилерин түшүндүрүп беришти.

2-апрелде Бишкекте «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» деген форум өткөн. Ошол форумга ОшМУнун өкүлдөрү да катышкан. Бүгүн алар форумдагы идеяларды студенттер менен бөлүштү.

Иш-чаранын соңунда активдүү уюштуруучуларга ыраазычылык баракчалары берилди. «Уңгужол» демилгесин жайылтууга салым кошкондорго университеттин атынан төш белгилер тапшырылды.

Мамлекеттик укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, иш-чаранын демилгечиси Үмүтай Асанова мындай жолугушуулар жаштардын улуттук иденттүүлүгүн бекемдерин айтты. 

 

Фото галерея