Америкалык психолог ОшМУда эрготерапияны үйрөттү

Башкы Жаңылыктар

Америкалык психолог ОшМУда эрготерапияны үйрөттү

Image

АКШнын Сент-Амброз университетинин докторанты, психолог Эмма Жанечек Ош мамлекеттик университетинде “Эрготерапия” боюнча лекция окуду.

Ал Индустриалдык-педагогикалык коллеждин биринчи, экинчи курс студенттерине АКШдагы социалдык иш, эрготерапиянын өзгөчөлүктөрүн айтып берди. Эмма Жанечек төрт жыл инсульт, жүлүн, мээ жаракаты менен ооруган адамдар менен иштеген. Ал медайымдын жардамчысы болуп, бейтаптарды калыбына келтирүүгө жардам берген. Өз тажрыйбасынан кызыктуу учурларды жана реалдуу мисалдарды студенттерге көрсөттү. 

Лекция студенттерге чоң түрткү берди. Алар социалдык иште эрготерапия эмнеге керек экенин түшүнүшкөнүн айтышты.

Ошондой эле Эмма Жанечек университеттин социалдык иштер адистигинин программа жетекчиси, окутуучу Кызжибек Темирова менен жолукту. Алар социалдык кызматкерлерди даярдоодо эрготерапияны өзүнчө сабак катары киргизүүнү талкуулашты. Максат социалдык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана чет элдик тажрыйбаны колдонуу болууда. 

Эрготерапия – ооруп же майып болуп калган адамды кадимки жашоого кайтарууга жардам берген дарылоо ыкмасы.

Фото галерея