29-апрелде Алай районунда майыптыгы бар балдар жана алардын ата-энелери үчүн мастер-класс уюштурулду. Иш-чараны Ош мамлекеттик университетинин социалдык иштер кафедрасынын алдындагы социалдык клиника жана “Социум” клубу өткөрдү.
Мастер-класс Алай райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында өтүп, ага өзгөчө муктаждыгы бар балдар, жыйырмага жакын ата-эне катышты. Алар практикалык көнүгүүлөрдү жасап, социалдык адаптация, өз ара түшүнүшүү, колдоо чөйрөсүн түзүү боюнча маалымат алышты.
Окутуучулар Кундуз Каримова, Дилбара Азизова, Дилнара Рустамова, Дилшат Каримова, кафедра башчысы Нурзинат Токторбекова жана тренер-мотиватор Аскар Бакиров катышуучулар менен иш алып барып, пайдалуу кеңештерин беришти.
Башкармалыктын башчысы Батина Токобаева мындай демилгелер коом үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал эми ата-энелер даун синдрому жана шал оорусу менен жашаган балдар үчүн айыл жергесинде жеткиликтүү социалдык реабилитациялык борборлордун санын көбөйтүү зарылдыгын айтышты.
Иш-чара Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагындагы гендердик теңдикке жетишүү, аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүүгө багытталып демилгеленди.