Универсиада: ОшМУ самбодон экинчи орунду алды

Башкы Жаңылыктар

Универсиада: ОшМУ самбодон экинчи орунду алды

Image

Бишкек шаарында студенттер арасында өтүп жаткан универсиадада самбо күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Жалпы командалык эсепте Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду Ош мамлекеттик университети камсыз кылса, үчүнчү орунга Кыргыз улуттук университети татыктуу болду.

Мелдеште Ош мамлекеттик университетинин студенттери мыкты жыйынтык көрсөтүп, байгелүү орундарды багындырышты. Алар: 

  • Актилек Култаев – Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту. (1-орун, 88 кг салмак);  
  • Сыймык Эргешбаев  – Тарых-юридика институту (1-орун, 77 кг салмак);  
  • Медет  Абдырахманов – Тарых-юридика институту (2-орун, 98 кгдан жогору салмак);
  • Кансултан Сапарбаев – Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту (3-орун, 98 кг салмак);
  • Ниязбек Абдижалилов – Тарых-юридика институту (3-орун, 64 кг салмак);
  • Табылды Оонбаев – Конфуций институту (3-орун, 58 кг салмак).

Команданын машыктыруучусу Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Афтандил Капаров.

Универсиада 11-мартта башталып, 27-апрелге чейин уланат. Иш-чараны Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен «Жаштык» дирекциясы уюштурууда.

 

Фото галерея