Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Башкы Жаңылыктар

Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу башталды

Image

ОшМУнун Теология факультетинде «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу» ишке кирди. Окутууга Ош облусу жана Ош шаарынан келген элүүдөй дин кызматкери катышууда.

Курстун окуу программасы дин жаатындагы актуалдуу маселелерди камтып, салттуу ислам түшүнүгү, дин жана укук, диний экстремизм, радикализмдин алдын алуу, мазхабтар тарыхы, улуттук маданият, дин сыяктуу темалар боюнча билим берүүгө багытталган. Бул дин кызматкерлеринин коомдогу ролун жана жоопкерчилигин терең түшүнүүгө шарт түзөт.

Курстун негизги максаты дин кызматкерлеринин илимий жана практикалык кесипкөйлүгүн жогорулатуу, өлкөдөгү руханий-адептик баалуулуктарды бекемдөө жана коомдо туура диний түшүнүктү жайылтууга өбөлгө түзүү болууда.

Демилге Ош мамлекеттик университети, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү, Түркия Диянет уюму, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда.

 

Фото галерея