17-апрелде Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында жогорку окуу жайлар аралык илимий жыйын өттү. Анын темасы – «Кыргыздардын Евразиянын байыркы калкы менен болгон генетикалык байланыштары» деп аталды.
Иш-чарада ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинин окутуучусу Зарлык Солтоев «Түштүк Сибирдеги түрк тектүү элдердин калыптануусундагы ‘кыргыз’ факторунун орду» деген темада баяндама жасады. Ал тарыхый-археологиялык жана палеогенетикалык маалыматтарга таянып, кыргыз элинин байыркы этногенезиндеги ордун, ролун талдап берди.
Илимий жыйынга Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин жана Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары менен профессорлору катышты.