“Кытай тили – түстүү кыялдарды жандырган тил” аттуу маданий кече өттү

Башкы Жаңылыктар

“Кытай тили – түстүү кыялдарды жандырган тил” аттуу маданий кече өттү

Image

20-апрелде Эл аралык кытай тили күнүнө карата ОшМУнун кыргыз-кытай факультети маданий иш-чара уюштурду. Ага мектеп окуучулары, ата-энелер, окутуучулар жана студенттер катышты. 

Иш-чарада факультеттин окутуучулары жана студенттери кытай тилинин дүйнөдөгү орду, эл аралык байланыштарды өнүктүрүүдөгү мааниси, жаштар үчүн ачылган билим берүү, карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти. 

Кеченин жүрүшүндө студенттер менен окуучулар Кытайдын элдик бийлерин бийлеп, ырларды аткарып, сахналаштырылган чыгармаларды көрсөтүштү. Ошондой эле аталган өлкөнүн улуттук кийимдеринин көргөзмөсү болуп, коноктор байыркы жана заманбап стилдер менен таанышты.

Мындан тышкары атайын маданий бурчтар иштеп, анда каллиграфия, кагаз кесүү (цзяньчжи), сүрөт тартуу жана чай аземи көрсөтүлдү. Катышуучулар бул өнөрлөрдү өздөрү да жасап көрүп, кытай маданиятын жакындан билишти. 

Уюштуруучулар бүгүнкү күндө кытай тилин билүү глобалдык атаандаштыкка чоң артыкчылык экенин белгилешти.  

Фото галерея