22–23-апрель күндөрү Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Окурман Ош» китеп фестивалы өттү. Аны Ош шаардык мэриясы жана Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу уюштурду.
Фестивалда китеп жарманкеси, көргөзмөлөр, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, сынактар, тегерек столдор, концерттер болду.
Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жамааты фестивалга активдүү катышты. Биринчи күнү окуу жайда жаш окурмандар арасында тест сынагы өттү. Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун экинчи курсунун студенти Таңчолпон Маматали кызы 82 упай топтоп, биринчи орунду алды.
Алымбек датка эс алуу жайында Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Ташболот Жороев үй-бүлөсү менен мастер-класс өткөрдү. Ал «Үй-бүлөлүк китеп окуу маданиятын өнүктүрүү» темасында балдарды китепке кызыктыруу, үй-бүлөлүк окуу салтын калыптандыруу боюнча кеңеш берди. Ош шаардык мэриясы бул демилгени колдой турганын айтты.
Китеп жарманкесинде кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Абдымиталип Мурзакметов өзүнүн жеке үй-бүлөлүк китепканасын элге тартуулады. ОшМУнун илимий китепканасы окумуштуулардын эмгектерин, монографияларды жана окуу куралдарын көргөзмөгө койду. Ал эми университеттин ыктыярчылары конокторго багыт берип, иш-чараларды координациялап, уюштуруу иштерине жардам беришти.
Уюштуруучулар ОшМУнун жамааты фестивалдын ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошконун белгилешти.