ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун окутуучулары, магистранттары Орусияда өткөн эл аралык конференцияда онлайн баяндама жасашты.
«Илим менен билим берүүнү өнүктүрүүдөгү санарип технологиялар жана инновациялар» деп аталган конференция 28-апрелде Иван Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинде өттү. Иш-чара билим берүү жана илмдеги жаңы ыкмаларды талкуулоого арналды.
Пленардык жыйында математика, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын башчысы Аида Келдибекова «Физика-математикалык билим берүүнү өнүктүрүүнүн келечеги» деген темада сүйлөдү. Ал эми секцияларда маалыматтык системалар жана программалоо кафедрасынын доценти Нуркасым Аркабаев, окутуучулар Самат Карабаев, Аида Исаева, магистранттар өз илимий иштерин көрсөтүштү.
Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети 2022-жылдан бери ОшМУ менен өнөктөш. Эки окуу жай кош диплом программасы боюнча иштейт.