Ош мамлекеттик университетинин ички гранттарынын долбоор жетекчилери, доценттер Абдижапар Аккулов, Элмурат Обдунов, Зувайда Шербаева, Венера Эрматова жана Роза Шаимкулова Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жергиликтүү калкка климаттык өзгөрүүлөргө адаптациялануу боюнча маалымат беришти.
Алар аталган райондо өткөн «Климаттык өзгөрүү жана жергиликтүү коомчулуктун ролу» аталышындагы жыйындын алакагында илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарынын негизинде жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда илим менен жергиликтүү коомчулуктун өз ара кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Ошондой эле, ОшМУнун өкүлдөрү жашыл келечекти калыптандырууда коомчулуктун активдүү катышуусу, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана жаштарды айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы демилгелерге тартуу учурдун негизги талаптарынын бири экендигин айтышты.
Иш-чара «FTI» фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «CLIMPSE – Климат, тынчтык жана коопсуздук» долбоорунун алкагында уюштурулган.