Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) студенттери Мээримай Аскарова менен Наргиза Адиева Өзбекстанда өткөн эл аралык стартап сынакта экинчи орунга ээ болуп, күмүш медал алышты.
Экөө тең «Робототехника жана жасалма интеллект» адистигинде окушат. Алар сынакка “Күрүч талааларына жаңы көз караш” аттуу долбоору менен катышкан. Долбоор күрүч талаасындагы зыянкечтерди интеллектуалдык жол менен көзөмөлдөөгө багытталган.
Сынак 28-29-июнь күндөрү Ташкент шаарында болуп өттү. Ага Кытай жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн 281 университеттин миңден ашуун студенти катышты.
Иш-чара жаштардын жаңы идеяларын колдоо, илимий иштеп иш жүзүнө киргизүү, айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугу боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды.