Ош мамлекеттик университети Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар түзүмү (UN Women) менен кызматташууну күчөтүүнү келишти. 1-июлда ректор Кудайберди Кожобеков түзүмдүн консультанттары Лира Дүйшебаева менен Жаркын Мамбетова менен жолукту.
Анда гендердик теңчилик, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Консультанттар ушу тапта Кыргызстандын 35 айыл өкмөтүндө, жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында ишке ашырылып жаткан «Zero VAWG Initiative» (аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу) долбоору тууралуу маалымат беришти. Долбоор кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга, жоюу, бул багытта мамлекеттик органдар менен кызматташууну күчөтүүгө багытталган.
Ошондой эле жолугушууда университеттин Бизнес паркы аркылуу студенттердин, жаштардын стартап долбоорлорун колдоо, ишкердикти өнүктүрүү, кыз-келиндердин бизнес демилгелерин ишке ашыруу тууралуу да сөз болду.
“Университетте жаштардын сапаттуу билим алышына гана эмес, алардын лидерлик сапаттарын, социалдык жоопкерчилигин жана ишкердик компетенцияларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Алсак, гендердик теңчилик, инклюзивдүү билим берүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү мамлекеттик саясаттын жана университеттин өнүгүү стратегиясынын маанилүү багыттарынын бири. Буга байланыштуу ОшМУ БУУнун Аялдар түзүмү менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыктар”, –деди Кудайберди Кожобеков.
Жолугушуунун соңунда тараптар гендердик теңчилик, жаштардын потенциалын өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, зомбулукту алдын алуу багыттарында кызматташууну мындан ары да кеңйтүү боюнча макулдашышты.