ОшМУнун командалары IT тармагы боюнча фестивалда жеңишке жетти

Main News

ОшМУнун командалары IT тармагы боюнча фестивалда жеңишке жетти

Image

Кыргызстанда IT тармагында билим алып жаткан студенттер үчүн хакатон, мобилография, роботехника, киберспорт, киберсекьюрити боюнча фестиваль болуп өттү. Иш чара 19-22-ноябрда Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинин базасында уюштурулду. 

“IT FEST 2024 «CYBER KYRGYZSTAN» деп аталган фестивалга 30дан ашууш окуу жайдан 500дөн ашык студент катышты. ОшМУдан сегиз команда барды. Жыйынтыгында хакатон боюнча студенттер «Туризмди өнүктүрүү» багытында инновациялык программа жасап, биринчи орунду ээлешти. Робототехника боюнча «РОБОТ СУМО» сынагында ОшМУнун командасы биринчини алды. 

Робототехника боюнча «Миссия по робототехнике Вселенная бесконечна» турниринде экинчи орунга жайгашышты.  Ал эми киберспорттон студенттер дүйнөлүк деңгээлдеги сынакка жолдомо утуп алышты. Киберкоопсуздук багытында бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, жогорку жыйынтык көрсөтүштү.

Фестиваль тажрыйба алмашуу, акыркы технологиялык жетишкендиктерди көрсөтүү жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн алдыңкы адистерди, стартаптарды, инвесторлорду, студенттерди жана технология энтузиасттарын бириктирүү максатында уюштурулду.

Photogallery