Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун студенттери TechnoFest – 2026 жаш ойлоп табуучулар сынагында биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды ээлешти.
1-орун – Гүлжигит Абайдиллаев, Робототехника жана жасалма интеллект адистигинин 3-курсунун студенти. Ал «Акылдуу дрон. Акылдуу ферма» долбоорун сунуштады.
2-орун – Сайкал Камалова, колдонмо математика жана информатика адистигинин 3-курсунун студенти. Ал SkyGround AI долбоору менен катышты.
3-орун – Бекболсун Орозбеков, графикалык дизайн адистигинин 4-курсунун студенти. Ал «Күрүчтү паротермикалык иштетүү процессинин интерактивдүү санариптик прототиби» долбоорун сунуштады.
Сынак «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош – 2026» жаштар форумунун алкагында өткөрүлдү. Таймашка Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, өздөрүнүн инновациялык идеяларын, ойлоп табууларын жана долбоорлорун калыстар тобуна сунушташты.
«Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму 8–10-ноябрь күндөрү Ош шаарында Жаштар күнүнө карата өткөрүлдү.