ОшМУнун студенттери TechnoFest сынагында үч байгелүү орунду тең жеңип алышты

Главная Новости

ОшМУнун студенттери TechnoFest сынагында үч байгелүү орунду тең жеңип алышты

Image

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун студенттери TechnoFest – 2026 жаш ойлоп табуучулар сынагында биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды ээлешти. 

  • 1-орун – Гүлжигит Абайдиллаев, Робототехника жана жасалма интеллект адистигинин 3-курсунун студенти. Ал «Акылдуу дрон. Акылдуу ферма» долбоорун сунуштады.

  • 2-орун – Сайкал Камалова, колдонмо математика жана информатика адистигинин 3-курсунун студенти. Ал SkyGround AI долбоору менен катышты.

  • 3-орун – Бекболсун Орозбеков, графикалык дизайн адистигинин 4-курсунун студенти. Ал «Күрүчтү паротермикалык иштетүү процессинин интерактивдүү санариптик прототиби» долбоорун сунуштады.

Сынак «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош – 2026» жаштар форумунун алкагында өткөрүлдү. Таймашка Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, өздөрүнүн инновациялык идеяларын, ойлоп табууларын жана долбоорлорун калыстар тобуна сунушташты.

«Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму 8–10-ноябрь күндөрү Ош шаарында Жаштар күнүнө карата өткөрүлдү.

 

Фотогалерея