ОшМУнун окутуучусу Кытайда студенттерге бир семестр лекция окуйт

Main News

ОшМУнун окутуучусу Кытайда студенттерге бир семестр лекция окуйт

Image

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун Next Generation Hub борборунун директору, окутуучу Тилек Умаров Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Guangdong Polytechnic of Industry and Commerce (Гуандун технология жана коммерция институту) институтунда чакырылган окутуучу катары иш алып барууда. Ал бир семестр бою жергиликтүү студенттерге лекция окуп, кытайлык кесиптештери менен билим берүү багытында тажрыйба алмашат. 

Иш сапардын алкагында Тилек Умаров машина куруу жана автоматташтыруу багытында билим алып жаткан студенттерге «Инновация жана инновациялык технологиялар» темасында сабактарды өтүүдө. Ошондой эле кытайлык кесиптештери менен робототехника адистиги боюнча окуу пландарын, билим берүү программаларын талкуулоодо. Анда окуу материалдарын жаңылоо, теориялык билимди практикалык сабактар менен айкалыштыруу маселелерине көңүл бурулуп жатат. Мындан тышкары ал Кытайдагы окуу жайдын окутуучулары үчүн робототехника жана жасалма интеллект боюнча семинарларды өткөрүп, бул тармактардагы тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Бул кызматташтык ОшМУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна, билим берүү программаларын заманбап талаптарга ылайык жакшыртууга багытталган.

ОшМУ аталган институт менен 2025-жылдын май айында эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн. 

 

Photogallery