ОшМУнун VIT’OSS командасы эл аралык хирургиялык олимпиадада байгелүү орунга ээ болду

Главная События

ОшМУнун VIT’OSS командасы эл аралык хирургиялык олимпиадада байгелүү орунга ээ болду

Image

Медицина факультетинин VIT’OSS командасы Москва шаарында өткөн XXXIV эл аралык студенттик хирургиялык олимпиадада ийгилик жаратып, байгелүү орундарды камсыз кылды.

Иш-чара 6-11-апрель күндөрү М.И. Перельман атындагы хирургиялык олимпиаданын финалдык этабы катары өтүп, ага КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы медициналык жогорку окуу жайларынан тандалган 24 команда катышты.

Олимпиада хирургиянын ар түрдүү багыттарын камтып, теориялык жана практикалык этаптарда өткөрүлдү. Студенттер лапароскопия, жүрөк-кан тамыр, пластикалык, реконструктивдик хирургия, трансплантология, травматология, урология, нейрохирургия,онкология багыттарында билимин көрсөтүштү. Жыйынтыгында ОшМУнун VIT’OSS командасы краниотомия (трепанация), “Пирогов столу” сынактарында үчүнчү орунду ээледи.

Команда Медицина факультетинин 3-6-курстарында окуган 27 студенттен түзүлгөн. Бул жетишкендик ОшМУнун медициналык билим берүүдөгү эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Фотогалерея