Бүгүнкү күндө №12 кесиптик лицейи 620 окуучусу, чоң инженердик- техникалык тейлөө кызматкерлерден турган, тажрыйбалуу педагогикалык жамааты бар, материалдык-техникалык базага ээ болгон өзүнүн алдына белгилүү зор максатты койгон, өз келечегин көрө билген жана өз ордун аныктай алган окуу жайы болуп эсептелет.
№12 кесиптик лицейи өзүнүн 66 жылдык бай тажрыйбасында өзүнүн зор тарыхын, баалуулугун, традициясын жана ички корпоративдүү маданиятын түзө алды. Лицейди көптөгөн сыйлыктардын , мыкты жетекчи номинацияларынын бир нече жолку ээси, педагогика илимдеринин кандидаты Калмаматов Б.А. башкарат.
№12 кесиптик лицейинде:
Баштапкы кесиптик билим берүүнүн мыктылары - 14
Билим берүүнүн мыктылары - 5
"Новатордук идеялар үчүн" медалынын ээси - 1
Мамлекеттик сыйлыктын ээси - 1
"Жылдын мыкты мугалими" номинациясынын ээси - 5
Педагогика илимдеринин кандидаты - 1
2022-жылдын 12-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №636/1буйругунун негизинде "Ош мамлекеттик университетинин №12 Keсиптик лицей" мекемеси болуп кайра каттоодон өттү.
№12 Кесиптик лицейи жогорку квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдап чыгарууда. Бардык окуучулар акысыз тамак-аш, жатакана менен камсыз болгон. Ошондой эле, жакшы окуган окуучулар стипендия алышат. 9-класстын базасында тапшырган окуучуларга окууну бүткөндөн кийин орто билим жөнүндө аттестат жана адистиги боюнча диплом берилет.
Лицейде 3 жылдык мөөнөт менен 4 кесипке даярдайт.
• Тигүүчү, тигүү жабдууларынын оператору
• Жыгач уста, жыгачылык жана паркетчи
• Электр жана газ менен ширетүүчү
• Ашпозчу, кондитер, наавайчы
10 айлык мөөнөт менен 5 кесипке окутуп жатат
• Чачтарач-визажист
• Тигүүчү-бычмачы
• Ашпозчу, кондитер
• Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электро монтер
• Санитардык-техникалык, желдетүү системаларын жана жабдыктарын монтаждоочу; электр жана газ менен ширетүүчү