Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы Гүлмира Жутанова, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Бактыгүл Байтикова КМШнын мыкты педагогу деп табылды.
Сыйлык Казакстандын “Жаңы Казакстан” инновациялык борбору жана “Bilim-orkenieti” улуттук илим-изилдөө борбору тарабынан берилди. Алар биринчи даражадагы диплом, төш белги жана “КМШнын мыкты педагогу” статуэткасы менен сыйланышты.
Аталган наам ОшМУнун окумуштууларына атайын сынактын жыйынтыгы менен тапшырылды. Анда катышуучулардын педагогика боюнча илимий изилдөөлөрү, окуу жайдагы жетишкендиктери, окуу китептери жана макалалары каралган.
Бул сынакка КМШ өлкөлөрүнөн жүздөгөн окумуштуулар, мугалимдер катышкан.