23-январда ОшМУнун теология факультети жана Эл аралык байланыштар бөлүмү Түркиянын Памуккале университетине академиялык мобилдүүлүк программасы аркылуу жөнөтүлгөн студенттер менен онлайн жыйын өткөрдү.
Иш-чарага теология факультетинин деканы доцент Медербек Кадыров , кафедра башчысы PhD Асилбек Абдуганиев, алмашуу программасынын координаторлору PhD Айнура Кулназарова жана Санжарбек Тажибаев жана студенттер катышты.
Жыйында алмашуу программаларынын учурдагы абалы, студенттердин сабактарга жана экзамендерге катышуу деңгээли, эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги максаттар талкууланды. Ошондой эле 2024-2025-окуу жылынын күзгү семестринин жыйынтыктары боюнча отчеттор угулуп, катышуучулардын ой-пикирлери жана сунуштары каралды.
Теология факультетинин деканы Медербек Кадыров жыйынтыктоочу сөзүндө ОшМУнун ааламдашуу жолундагы прогресси жана алмашуу программаларынын мааниси тууралуу айтып, студенттерди бул мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдаланууга чакырды.
Бул жыйын университеттин эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон умтулуусунун дагы бир далили болуп калды.