Студенттерге Кыргызстан-Өзбекстан дипломатиялык байланыштары боюнча маалымат берилди

Главная Новости

Студенттерге Кыргызстан-Өзбекстан дипломатиялык байланыштары боюнча маалымат берилди

Image

Бүгүн, 14-мартта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана окутуучуларына конок лекция өттү.

Элчи баяндамада Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык байланыштары, тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги боюнча кеңири маалыматтарга токтолду. Ошондой эле катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. 

Дүйшөнкул Чотонов ОшМУнун бүтүрүүчүсү. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал буга чейин Корея, Вьетнам өлкөлөрүндө элчи болуп эмгектенген. 




 

Фотогалерея