ОшМУда ар ишемби тазалоо иштери жүрөт

Главная Новости

ОшМУда ар ишемби тазалоо иштери жүрөт

Image

 

Бүгүн, 15-мартта Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарында жарыяланган үч айлыктын алкагында ишембилик уюштурулду. Ага профессордук-окутуучулук курам, кызматкерлер жана студенттер катышты. Мында окуу имараттардын, жатаканалардын ичи, тышы жуулуп, короолору, арыктары жана жол жээктери  тазаланды.

Президенттин “Улуттук тазалык күнү” жөнүндө жарлыгына ылайык, Ош мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында ОшМУда атайын тескеме иштелип чыккан. Анда университеттин бардык окуу имараттарында, жатканаларында ар ишемби күндөрү тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 Мындай ишембиликтер окуу жайда жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Фотогалерея