Жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында мыктылар аныкталды

Главная Новости

Жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында мыктылар аныкталды

Image

ОшМУда  өткөн КМШ мамлекеттеринин жаш кинематографисттеринин «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери жарыяланды. 

Фестивалдын жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери төмөнкүчө:

«Үмүт» диплому —
«Таксикомания Тору», реж. Шокиров Маруф — Кыргызстан

Ош шаарынын мэриясынын диплому —
«Жер туткуну», реж. Ноокор Алтай — Россия/Кыргызстан

Ош мамлекеттик университетинин диплому —
«Бехбуди», реж. Лейла Рахматуллаева — Өзбекстан

 Кыргызстандын кинематографисттер союзунун диплому —
«Кимоно», реж. Санжар Муродшайхов — Өзбекстан

Калыстар тобунун атайын байгеси —
«Өткөн көз ирмемдер», реж. Салтанат Исманова — Кыргызстан

Көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча байге + 60 000 сом акчалай сертификат —
«Тынчсыздануу», реж. Данияр Тезекбаев — Россия (Якутия)

Мыкты оператордук иш + 60 000 сом —
«Коргалжында бир күн», реж. Арай Каримова — Казакстан

 Мыкты сценарий + 60 000 сом —
«Мунара», реж. Мээрим Талантбек кызы — Кыргызстан

Мыкты режиссёр + 80 000 сом —
«Кечиккен шамал», реж. Shugyla Serzhan — Казакстан

Мыкты даректүү тасма + 80 000 сом —
«Жайлоого карай узак жол», реж. Илгиз Шернияз — Кыргызстан

Мыкты фильм наамы — эки тасмага бөлүндү. Ар бири 80 000 сомдон сертификат алды:
«Унгерния», реж. Пайрав Шарипов — Тажикстан
«Фортепиано сабактары», реж. Гузель Ахметшина — Россия

Гран-при жана башкы сыйлык (100 000 сом) —
«Эркек болуу!», реж. Эржан Шармурзаев — Кыргызстан

Фестиваль жаш кинематографисттердин чыгармачылыгына дем берип, кино дүйнөсүнө жаңы ысымдарды тартуулап жаткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Келечектеги чыгармачыл ийгиликтерге жол ачкан бул иш-чара мындан ары да ар жыл сайын өткөрүлмөкчү. Максаты — жаш режиссёрлорду колдоо жана алардын чыгармачылыгын таанытуу.