Акын Мелис Маматжанов “Алыкул Осмонов” атындагы сыйлыкка ээ болду

Главная Новости

Акын Мелис Маматжанов “Алыкул Осмонов” атындагы сыйлыкка ээ болду

Image

Улуттук адабият күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин ректорунун офисинин жетекчиси, акын Мелис Маматжанов “Дарексиз дүйнө” аттуу китеби үчүн “Алыкул Осмонов” атындагы сыйлыкка татыды.

Сыйлык тапшыруу аземи 12-декабрда Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Мирбек Маматалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана адабият өкүлдөрү, күйөрмандар катышты.

Салтанаттын алкагында комиссия тарабынан тандалган мыкты чыгармалардын авторлоруна дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Алыкул Осмонов” атындагы сыйлык жыл сайын поэзия жанрында улуттук адабияттын өнүгүшүнө салым кошкон китептерге, поэтикалык котормолорго жана акындын чыгармачылыгын кеңири жайылтууга багытталган изилдөөлөргө ыйгарылат.

Мелис Маматжанов Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Жылдын мыкты акыны” наамынын ээси. Ошондой эле ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы үчүн медалы менен сыйланган. Акындын “Апакемдик алмасы”, “Дарексиз дүйнө” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

 

Фотогалерея