Жаштар улуттук баалуулуктарды заманга ылайык көрсөтүштү

Главная Новости

Жаштар улуттук баалуулуктарды заманга ылайык көрсөтүштү

Image

Президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу максатында ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда студенттер арасында «Заманбап жаштар жана улуттук баалуулуктар» аттуу тарбиялык-маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттер улуттук баалуулуктардын бүгүнкү жаштар үчүн маанисин чагылдырган сахналык коюуларды тартуулашты. Ошондой эле каада-салттарды заманбап жашоого шайкеш келтирген интермедиялар көрсөтүлүп, кыргыз тилиндеги ырлар көркөм окулуп, улуттук оюндар ойнолду.

Тарбиялык иш-чарага жалпы беш команда катышты. Калыстар тобунун чечими менен «География» адистигинин студенттер командасы 1-орунду ээледи.

Иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо жана муундар аралык байланышты чыңдоо максатында педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Асан Бегматов жана окутуучу Азиза Жусупова тарабынан демилгеленди.

Фотогалерея