ОшМУда кызматкерлердин балдары үчүн балаты майрамы уюштурулду

Главная Новости

ОшМУда кызматкерлердин балдары үчүн балаты майрамы уюштурулду

Image

27-декабрда Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлеринин 10 жашка чейинки балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамын өткөрдү.

Майрамдык иш-чараны Кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров ачып, балдарды жаңы жыл менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана жаркын келечек каалады.

Кече жомок каармандарынын катышуусунда өтүп, ОшМУнун «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун таланттуу окуучуларынын ыр-бийлери менен коштолду. Майрамдын соңунда бардык балдарга таттуулар жана жаңы жылдык белектер тапшырылды.

 

Фотогалерея