ОшМУда «Тематикалык косплей – 2026» сынагы өттү

Главная Новости

ОшМУда «Тематикалык косплей – 2026» сынагы өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 26-декабрда «Тематикалык косплей – 2026» аттуу чыгармачыл сынак уюштурулду.

Иш-чарага дизайн жана тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы адистиктеринде билим алган 1-2-курстун 32 студенти катышты. Сынактын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн креативдүү идеяларын, кесиптик даярдыгын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Алар даярдаган костюмдар аркылуу образ түзүү, форма менен иштөө жана оригиналдуу ой жүгүртүү чеберчилигин даңазалашты.

Конкурс мода индустриясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу тарабынан бааланды. Жыйынтыгында «Мыкты костюм», «Мыкты сахналык образ», «Мыкты хэтмет (баш кийим)» жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү» номинациялары боюнча мыкты деп табылган студенттер дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чарага Ош технологиялык университетинин, Кызыл-Кыя тоо-кен колледжинин окутуучулары жана студенттери, ошондой эле катышуучулардын ата-энелери конок катары катышты.

 

Фотогалерея