ОшМУда медициналык багыттагы окуу курсу аяктап, сертификаттар тапшырылды

Главная Новости

ОшМУда медициналык багыттагы окуу курсу аяктап, сертификаттар тапшырылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган медициналык багыттагы атайын окуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Ноябрь-декабрь айларында өткөн курс Медициналык колледжде жана Медициналык клиникада өткөрүлдү. Анын алкагында катышуучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерин, оорулууларды кароонун практикалык ыкмаларын жана дары-дармектерди коопсуз колдонуу тартибин үйрөнүштү.

29-декабрда окууну ийгиликтүү бүтүргөн он угуучуга белгиленген үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды. Окуу курсу Медициналык колледждин тажрыйбалуу окутуучусу, тренер Айзирек Кыдыршаева тарабынан жүргүзүлдү.

Квалификацияны жогорулатуу борбору медициналык багыттагы кыска мөөнөттүү курстарды, тил үйрөтүү программаларын жана жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) даярдоо курстарын үзгүлтүксүз уюштуруп келет.

 

Фотогалерея