Студенттер аалам сырлары менен таанышышты

Главная Новости

Студенттер аалам сырлары менен таанышышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалар колледжинин студенттери аалам сырлары менен таанышышты. STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Гүлсүн Токторбаева, Уулжан Абдукадырова, жана Айсулуу Аманбай кызы астрономия сабагынан студенттерге өзгөчө моделдик-экскурсиялык сабак уюштурушту. 

Сабактын негизги максаты — аудиторияда өтүлгөн теориялык темаларды практикалык жана визуалдык ыкмалар аркылуу тереңдетүү, студенттердин космос жана астрономия илимине болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Экскурсиялык сабактын жүрүшүндө студенттер Күн системасынын түзүлүшү, планеталардын жайгашуусу жана алардын кыймылы тууралуу кеңири маалымат алышты. Асман телолорунун атайын масштабдуу моделдери аркылуу ааламдын түзүлүшү көрсөтүлүп, студенттер теориялык билимдерин практикалык мисалдар менен бекемдешти.

Мындан тышкары катышуучулар заманбап телескоптордун иштөө принциптери менен таанышып, асман телолорун байкоо боюнча алгачкы практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Телескоп аркылуу байкоо жүргүзүү студенттер үчүн өзгөчө кызыгуу жаратып, астрономия илимин тереңирээк түшүнүүгө шарт түздү.

Сабактын соңунда М.Осконбаев менен интерактивдүү талкуу уюштурулуп, анда ааламдын кеңейиши, кара тешиктер жана космостук изилдөөлөрдүн келечеги тууралуу кызыктуу суроо-жооп форматындагы маек өттү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Фотогалерея