ОшМУда Улуу Жеңиш күнүнө арналган сүрөт сынагы өттү

Главная Новости

ОшМУда Улуу Жеңиш күнүнө арналган сүрөт сынагы өттү

Image

Эл аралык билим берүү программалары коллжинде 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата «Бир жеңиш – бир сүрөт» аттуу сынак уюштурулду. Ага студенттер катышып, Жеңиш темасына арналган чыгармачылык эмгектерин сунушташты.

Катышуучулардын сүрөттөрү калыстар тарабынан бааланып, өзгөчө чыгармачылык менен айырмаланган студенттер аныкталды.

Окутуучу Айтиева Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жасалма интеллект аркылуу QR-код форматында сунуштап, студенттердин санариптик сабаттуулугун, заманбап технологияларды колдонуу жөндөмүн текшерди.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө эки кишилик кинотеатрга билеттер белекке берилди. Ошондой эле санариптик багытта өзгөчөлөнгөндөргө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында коюлган «Азыр деле сулуусуңбу, жашсыңбы?» аттуу спектаклге билеттер тапшырылды.

Иш-чара коллеждин Аялдар кеңешинин төрайымы жана коомдук дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучуларынын демилгеси менен уюштурулду. Максаты студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, патриоттук тарбия берүү, тарыхый эс тутумду сактоо болду.

Фотогалерея