Доцент Эгемназар Айдаралиевдин  75 жылдык мааракеси белгиленди 

Главная Новости

Доцент Эгемназар Айдаралиевдин  75 жылдык мааракеси белгиленди 

Image

Бүгүн, 4-июнда Ош мамлекеттик университетинде билим берүү жана илим тармагына өмүрүн арнаган окумуштуу, педагог, биология илимдеринин кандидаты, доцент Эгемназар Айдаралиевдин 75 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага  Ош шаардук кеңешинин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты. Салтанаттын жүрүшүндө Эгемназар Айдаралиевдин илим-билим тармагындагы көп жылдык эмгеги, жаш муундарды тарбиялоодогу орду жана коомдук ишмердүүлүгү тууралуу айтылды.

Эгемназар Айдаралиев ОшМУда  50 жылдан ашуун убакыттан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында миңдеген студенттерге билим берип, жүздөгөн жаш адистердин кесиптик жактан калыптанышына салым кошкон. Бүгүнкү күндө анын шакирттери өлкөнүн ар кыл тармактарында эмгектенип, алардын арасында илим-билим жолун улантып жаткан окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана жетекчилери бар.

Агай экология жана биология тармагындагы бир катар ири илимий долбоорлордун активдүү катышуучусу. Ал Кыргызстанда курулуп жаткан Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 гидроэлектростанцияларынын экологиялык негиздемелерин даярдоого катышкан. Мындан сырткары Нарын дарыясынын ортоңку агымындагы экосистемаларды изилдөө боюнча жүргүзүлгөн илимий экспедицияларга катышып, аймактын экологиялык абалы боюнча маанилүү илимий жыйынтыктардын алынуусуна салым кошкон.

 

Фотогалерея