Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин Оштогу мурасы талкууланды

Главная Новости

Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин Оштогу мурасы талкууланды

Image

1-октябрда Ош мамлекеттик университетинде Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин Ош шаарынын тарыхындагы орду, мурасы талкууланды.

Илимий жыйынга шаардык жана облустук бийлик өкүлдөрү, окумуштуулар, тарыхчы-этнографтар, окутуучулар, студенттер катышты. Анда тарыхый жайларды сактоо, кайра жандандыруу маселелери көтөрүлдү. Анын ичинде азыркы тергөө абагы жайгашкан аймакта мурда кербенчилер үчүн курулган «Караван-сарай» болгондугу айтылды.

ОшМУ ошол эле жерде Алымбек датканын уулу Камчыбекке таандык «Камчыбектин үйүн» кайра калыбына келтирип, музей катары пайдалануу демилгесин сунуштады. Мындан тышкары жайдын ордун иликтөө, сактоо, реставрациялоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Илимий жыйын ОшМУнун Тарых-юридика институту тарабынан уюштурулду. Максаты Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин Ош шаарынын тарыхындагы ордун терең изилдөө жана алардын мурасын коомчулукка кеңири таанытуу болууда.



 

Фотогалерея