2-октябрда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинде «Коопсуз чөйрө жаркын келечек» аттуу жолугушуу өттү. Анда студенттердин коопсуздугу, укуктук сабаттуулугу боюнча маалымат берилди.
Жолугушууга №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Эрлан Надыров, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү, милициянын подполковниги Гүлмүра Жапакова, Ош мэриясынын алдындагы үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун башчысы, психолог Гүлбара Кулуева ИИМдин генерал-майору Э. Алиев атындагы академиясынын окутуучусу Жаңыбай Кадырбеков катышты.
Иш-чарада баңгизат колдонуунун ден соолукка жана жашоого тийгизген зыяны, жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, билим берүү мекемелериндеги рекетчиликке бөгөт коюу боюнча маалыматтар айтылды. Бул багыттар боюнча атайын презентациялар көрсөтүлдү.
Гүлбара Кулуева студенттерге кыйын кырдаалдарда туура чечим кабыл алуу, жеке коопсуздукту сактоо жана психологиялык саламаттыкка кам көрүү боюнча кеңештерин берди.
Жолугушуунун соңунда студенттер адистерге суроолорун берип, жооп алышты.