ОшМУнун ректору Наманган бизнес жана илим университетинин ардактуу профессору болду

Главная Новости

ОшМУнун ректору Наманган бизнес жана илим университетинин ардактуу профессору болду

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобековго Өзбекстандын Наманган бизнес жана илим университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. 

Наам ага эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди.

«Бул сыйлык мен үчүн Ош мамлекеттик университети менен Наманган бизнес жана илим университетинин ортосундагы жемиштүү академиялык жана илимий кызматташтыктын, ошондой эле эки элдин кылымдардан берки достугу менен коңшулугунун айкын далили деп билем», –деди ректор.

Ал эки университеттин өнөктөштүгү мындан ары да өнүгүп, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтип, инновациялык билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүк ачарына ишенерин билдирди.

Наам Наманган шаарында өткөн StudEXPO–2026 эл аралык студенттик эмгектер жарманкесинин алкагында тапшырылды. Жарманкеге Кожобеков баштаган университеттин делегациясы катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын 50гө жакын жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келди.

 

Фотогалерея