ОшМУда агрономдордун кесиптик майрамы белгиленди

Главная Новости

ОшМУда агрономдордун кесиптик майрамы белгиленди

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда Агрономдор күнүнө карата «Күз күрөш, жаз жарыш» аттуу иш-чара уюштурулду. Ага агрономия багытында билим алган студенттер, окутуучулар, чакырылган коноктор катышты.

Иш-чараны институттун директору, доцент Болот Каримов ачып, катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле Ветеринариялык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, профессор Абдугани Абрасулов, ата-энелердин атынан Акмарал Калмуратова жана башка коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кечеде төртүнчү курстун студенти Эркинбек Уланбеков Польшадагы алты айлык окуусу, иш тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Ал Agricool Company компаниясынын көмөгү менен Green Crops Program программасына катышып, Польшада билим алып, иштеп келген. Студент чет өлкөдө алган тажрыйбасы менен бөлүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшМУга келген Өзбекстандын Фергана мамлекеттик техникалык университетинин профессору Рахнамхон Назирова конок лекциясын окуду. Ал «Кыргыз Республикасы менен биргелешкен долбоорлор жана кызматташтык потенциалы» деген темада сөз сүйлөп, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.

Иш-чара студенттердин кесиптик билимин кеңейтүүгө, чет өлкөлүк тажрыйба менен таанышууга, агрардык тармактагы байланыштарды чыңдоого багытталды.

Кыргызстанда Агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү жыл сайын 20-октябрда белгиленет.

Фотогалерея