Окутуучулар эл аралык конференцияда баяндама жасап, тажрыйба бөлүштү

Anasayfa Etkinlikler

Окутуучулар эл аралык конференцияда баяндама жасап, тажрыйба бөлүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин окутуучулары 13–16-апрель күндөрү Батыш Казакстан медициналык университетинде өткөн «Медицинадагы морфология: фундаменталдык теориялардан клиникалык чечимдерге чейин» аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Жыйынга профессор Сүйналы Шатманов, доцент Абсамат Саттаров жана окутуучулар Бактыбек Мамадыев, Гулай Жолдошева катышып, медицинадагы морфология илиминин заманбап тенденциялары, клиникалык практикадагы колдонулушу боюнча илимий талкууларга кошулушту.

Конференциянын алкагында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар баяндамаларды жасап, илимий пикир алмашуу жүрдү.

Иш сапардын жүрүшүндө ОшМУнун делегациясы академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде конок лекцияларды окуп, студенттер үчүн практикалык сабактарды өткөрүштү. Ошондой эле окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, лабораториялары менен таанышышты.

 

fotoğraf Galerisi