1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Ош мамлекеттик университетинин (ОШМУ) Аялдар кеңешинин макамын, максатын, милдеттерин, түзүмүн жана ишмердүүлүк тартибин аныктайт.
1.2. Аялдар кеңеши — ОШМУдагы аял кызматкерлердин жана студент кыздардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону, алардын социалдык, маданий, руханий жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүнү максат кылган коомдук уюм болуп саналат.
1.3. Аялдар кеңеши өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ош мамлекеттик университеттин Уставына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
2. Аялдар кеңешинин максаты
2.1. Университеттеги аялдардын жана студент кыздардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын демилгелерин колдоо жана ар тараптан өнүктүрүү.
2.2. Аялдардын жана студент кыздардын адеп-ахлактык, руханий жана патриоттук тарбиясын чыңдоо.
2.3. Аялдардын жана кыз-келиндердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу жана гендердик теңчиликке өбөлгө түзүү.
2.4. Коомдук турмушта, илимде, билим берүүдө жана маданиятта активдүү, демилгелүү, жоопкер аялдардын катмарын калыптандыруу.
3. Аялдар кеңешинин функционалдык милдеттери
3.1. Университеттин бардык факультеттеринде жана бөлүмдөрүндө аялдар кеңештерин түзүү, алардын ишин координациялоо жана методикалык жактан колдоо.
3.2. Аял кызматкерлердин жана студент кыздардын арасында төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу:
3.3. Зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү, алдын алуу жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3.4. Студент кыздардын жана аял кызматкерлердин социалдык абалын изилдөө жана аларды колдоо максатында тиешелүү сунуштарды университет жетекчилигине берүү.
3.5. Маданий, спорттук жана кайрымдуулук иш-чараларды уюштуруу менен аялдардын коомдогу ордун чыңдоо.
3.6. Коомдук маанидеги майрамдарда, форумдарда, конференцияларда аялдардын активдүү катышуусун камсыздоо.
3.7. Гендердик теңчиликти, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана улуттук каада-салттарды бекемдөө.
4. Аялдар кеңешинин курамы жана аны башкаруу
4.1. Аялдар кеңешинин курамы университеттеги ар бир институттан, факультеттен, колледждерден жана түзүмдүк бөлүмдөрдөн шайланып же дайындалган өкүлдөрдөн турат.
4.2. Аялдар кеңешинин ишин төрайым жетектейт. Ал университеттин жетекчилигинин чечими аркылуу дайындалат.
4.3. Аялдар кеңеши өз ишин жылдык иш-планды жана бекитилген графикти негиз кылып жүргүзөт.
4.4. Аялдар кеңешинин отурумдары зарылчылыкка жараша жана жылына жок дегенде төрт жолу өткөрүлөт.
4.5. Аялдар кеңеши жигердүү иш алып баруу үчүн секцияларды, жумушчу топторду түзө алат.
5. Жыйынтык жоболор
5.1. Бул Жобо Аялдар кеңешинин жалпы жыйынында талкууланып, университет жетекчилиги ректор тарабынан бекитилет.
5.2. Аялдар кеңешинин ишмердүүлүгү ыктыярдуулук, ачык-айкындуулук, жоопкерчилик жана демократиялык принциптердин негизинде жүргүзүлөт.
5.3. Аялдар кеңеши мамлекеттик мекемелер, бейөкмөт уюмдар, демөөрчүлөр жана башка билим берүү уюмдары менен кызматташтыкта иш алып барат.
5.4. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Аялдар кеңеши тарабынан сунушталып, тиешелүү тартипте бекитилет.
ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы:
Сейитказыева Гулнара Имамалиевна
Байланыш номери: (+996)777290302
Электрондук дареги: gseiitkazyeva@gmail.com