Оштун мэри студенттерди таң эрте жатаканада куттуктады

Anasayfa Etkinlikler

Оштун мэри студенттерди таң эрте жатаканада куттуктады

Image

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Ош мамлекеттик университетине келип студенттердин жашоо шартын, окуу жана өндүрүш иштерин, жаштардын санариптик долбоорлорун көрүп чыкты.

Калаа башчысы алгач студенттик жатаканага барып, жаштардын жашоо шарты менен таанышты. Ал Индустриалдык-педагогикалык коллежинин 2-курсунун студенти Баел Камаловдун бөлмөсүнө кирип, анын окуу менен катар YouTube каналын өнүктүрүп, платформанын «Күмүш баскычына» ээ болгонун көрүп, ийгилигине кубанды.

Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программасы менен Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан Казакстандын Актөбө университетинин студенттери менен баарлашып, майрамга карата белектерин тапшырды.

Андан соң «Алдыңкы тажрыйба борборуна» барып, анын иши менен таанышты. Борбордо тигүү цехтери жана программалык камсыздоо багытындагы өндүрүштүк жайлар иштейт. Ректор Кудайберди Кожобеков борбор студенттерге алган билимин иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, тигүү жана программалоо адистиктеринде окуган жаштар сабактан тышкары өндүрүш иштерине катышып, кесиптик тажрыйба топтошот. Ошондой эле аткарган иши үчүн эмгек акы алышат. Студенттер тиккен буюмдар жана даярдаган продукциялар университеттин фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгарылат.

Мындай иш тартиби студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, өз алдынча киреше табуусуна жана келечекте жеке ишин баштоосуна шарт түзөт. Жаштардын окуу менен катар иштеп, эмгек акы алып жатканын уккан Жанар Акаев бул демилгени колдой турганын билдирди. Ошондой эле Ош шаарындагы айрым мекемелер үчүн атайын формаларды тигүүгө буюртма берүүгө болорун айтты.

Шаар башчысы университеттин башкы имаратына да барып, студенттер иштеп чыккан санариптик долбоорлор менен таанышты. Жаштар IT багытында жасап жаткан иштерин, жаңы технологияларга негизделген долбоорлорун жана аларды иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Иш сапардын кийинки бөлүгүндө Польшада өндүрүштүк практикадан өтүп келген окуу жайдын студенттери менен жолугушту. Алар чет өлкөдөгү тажрыйбасы, айыл чарбасында колдонулган заманбап технологиялар, Green Crops компаниясындагы иштери жана академиялык алмашуу программасынан алган таасирлери тууралуу айтып беришти.

Жанар Акаев ОшМУнун Маалымат жана коомчулук менен байланыш борборуна да барып, журналистика багытында билим алып жаткан студенттер менен жолугушту. Ал жаштар менен баарлашууда өзүнүн студенттик жылдарын, журналистикадагы алгачкы кадамдарын эскерип, кесиптик жолунун башталышы тууралуу айтып берди. Мэр 2004-жылы ОшМУга тапшырганын, 2006-жылдан тарта эмгек жолун баштаганын белгиледи. Ошондой эле болочок журналисттерге кесипти өздөштүрүү, тажрыйба топтоо жана ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуу боюнча кеңештерин берди.

Сапардын соңунда Жанар Акаев студенттерди Эл аралык студенттер күнү менен куттуктап, окууларына ийгилик, жаңы жетишкендиктерди жана келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адистерден болуусун каалады.

fotoğraf Galerisi