Өзбекстанда өткөн ректорлордун форумда  ОшМУ 5 келишимге кол койду

Anasayfa Haberler

Өзбекстанда өткөн ректорлордун форумда  ОшМУ 5 келишимге кол койду

Image

 

2024-жылдын 16-17-июлунда Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форумунда ОшМУ 5 жогорку окуу жай менен келишимге кол койду.
Алар Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университети, "Жибек жолу" туризм жана маданий мурас эл аралык университети, Навои мамлекеттик педагогикалык университети, Ташкент медициналык академиясы, Ташкент информациядык технологиялар  университети. 

Келишимге ылайык жогорку окуу жайлар биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу,  академиялык мобилдүүлүк, билим берүү, илим изилдөө, спорт, маданий аралык байланыштарды чыңдоо багыттарында кызматташат.

Форумга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышып, “Мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий жана бизнес чөйрөлөрүнүн интеграциясы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн фактору катары: ОшМУнун тажрыйбасында” деген темада баяндама жасаган.

fotoğraf Galerisi