![](https://oshsu.kg/public/storage/uploads/thumbnail/3fTcHh0G6uywI2KYPozUxbKcmAV0y0JymkMRe8p4.png)
9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чара ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде уюштурулду.
Анда студенттер “Кыргызстан согуш жылдарында”, “Бабалар дайым бааланат”, “Энелердин эмгеги эскирбейт” деген темаларды талкуулап, “Мекеним жүрөгүмдө” деген темада сүрөт тартышты.
Иш-чарага активдүү катышкан студенттер окуу жайдын белектери менен сыйланышты.
Согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатындагы кечелер окуу жайда байма-бай өтүп турат.