«Ала-Тоо жазы – 2026»: Ысык-Көл мамлекеттик университети жеңишке жетти

Anasayfa Haberler

«Ала-Тоо жазы – 2026»: Ысык-Көл мамлекеттик университети жеңишке жетти

Image

29–30-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинде «Ала-Тоо жазы – 2026» республикалык кароо-сынагы өттү. 
Быйылкы фестивалга өлкөнүн жогорку окуу жайларынан 14 студенттик команда катышып, вокалдык искусство, фольклордук аткаруу, классикалык аспаптарда ойноо жана хореография багыттары боюнча күч сынашты. Финалдык тур жана гала-концерт 30-апрелде Ош улуттук драма театрынын сахнасында өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Фестивалдын баш байгеси — Гран-прини Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жеңип алды.
«Фольклордук аткаруу» багыты боюнча:
1-орун — Ош мамлекеттик педагогикалык университети
2-орун — Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети
3-орун — М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети жеңип алды.

«Классикалык аспаптарда ойноо» багыты боюнча:
1-орун — М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети
2-орун — Ош мамлекеттик педагогикалык университети
3-орун — Кыргыз-корей колледжи болду.
«Вокалдык искусство» багыты боюнча:
1-орун — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети
2-орун — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
3-орун — Ош мамлекеттик педагогикалык университети.
«Хореография» багыты боюнча:
1-орун — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
2-орун — Ош мамлекеттик педагогикалык университети
3-орун — Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
Фестивалдын жабылуу аземинде Ош мамлекеттик университети кийинки «Ала-Тоо жазы» фестивалын өткөрүү эстафетасын Кыргыз улуттук университетинин Нарын институтуна расмий түрдө өткөрүп берди.
 «Ала-Тоо жазы» фестивалы 1966-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Кароо сынак Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, анын негизги максаты – искусство тармагындагы жаш таланттарды аныктоо жана колдоо болуп саналат. Фестивалдын байге фонду 1 млн сомду түздү.

fotoğraf Galerisi