Студенттер эл аралык музей көргөзмөсүнө катышты

Anasayfa Haberler

Студенттер эл аралык музей көргөзмөсүнө катышты

Image

18-майда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинин элүүдөн ашуун студенти Өзгөн шаарында өткөн эл аралык музей көргөзмөсүнө катышты.  

Иш-чарада Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан алып келинген баалуу экспонаттар коюлуп, келген коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратты. Ошондой эле Казакстандан келген музей кызматкерлери түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу Ахмет Ясавинин руханий мурасы тууралуу маалымат беришти. 

Маданий иш-чаранын алкагында музыкалык чыгармалар аткарылып, улуттук оюн-зооктор көрсөтүлдү. Бул программа студенттерге ар улуттун маданияты, каада-салты, өнөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү. Аларды коллеждин окутуучулары Гүлүмкан Түмөнбаева, Гүлназ Анарбаева, Мурат Жумаев жана Айгерим Абдалимова жетектеп барды.

fotoğraf Galerisi