Теология факультети Ибн Халдун университети менен кызматташатТеология факультети Ибн Халдун университети менен кызматташат

Anasayfa Haberler

Теология факультети Ибн Халдун университети менен кызматташатТеология факультети Ибн Халдун университети менен кызматташат

Image

Ош мамлекеттик университетинин Теология факультети менен Түркиянын Ибн Халдун университети ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

29-июлда кол коюлган документке ылайык, эки окуу жай теология жана ислам таануу багыттарында биргелешкен иштерди жүргүзөт. Анын алкагында билим берүү программаларын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн камсыздоо багытында кызматташтыкты күчөтүү пландалууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптын өкүлдөрү теологиялык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Бул келишим ОшМУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, илимий кызматташууну өнүктүрүүгө жол ачат.

 

fotoğraf Galerisi