Жалпы республикалык тест боюнча кышкы кабыл алуу жакында башталат

Anasayfa Haberler

Жалпы республикалык тест боюнча кышкы кабыл алуу жакында башталат

Image

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) кышкы кабыл алуусунун алдында колдонуучулардан каттоо тартиби, тестирлөөнүн мөөнөттөрү жана башка маанилүү маселелер боюнча көптөгөн суроолор келип түшүүдө.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги абитуриенттерге актуалдуу маалыматтарды түшүндүрүү жана кышкы ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында көп берилүүчү суроолорго жоопторду даярдады.

Суроолор - Жооптор:

1. 2026-жылдын май айында ЖРТ тапшырып, бирок жайында университетке өтпөй калган абитуриент тестирлөөнү кайра тапшырбастан кышкы кабыл алууга катыша алабы? Ал ноябрь айында ЖРТ тапшыра турган абитуриенттер менен бирдей шартта конкурска катышабы?

- ЖОЖдорго кышкы кабыл алууга 2026-жылы жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырган абитуриенттер тестирлөөнү кайсы мезгилде тапшырганына карабастан (жазында же күзүндө) катышууга укуктуу. Жайкы жана кышкы кабыл алуу мезгилинде абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу эрежелери бирдей. Күзүндө ЖРТ тапшырган абитуриенттер үчүн өзүнчө кабыл алуу шарттары каралган эмес.

2. Эгер абитуриент ЖРТны май айында тапшырып, ноябрь айында кайра тапшырса, окууга тапшырууда кайсы жыйынтык эске алынат? Ал жогорку балл алган сертификатын өзү тандай алабы?

- Конкурска ЖРТнын жогорку балл алган сертификаты катышат.

3. Эгер абитуриентте май айында тапшырган ЖРТнын жарактуу сертификаты бар болсо, кышкы тестирлөөгө testing.kg сайты аркылуу кайра катталышы керекпи же кышкы кабыл алууга түз эле катыша алабы?

- Эгер 2026-жылдын май айында тапшырылган ЖРТнын сертификатындагы балл белгиленген босого баллдан жогору болсо, тестирлөөнү кайра тапшыруу милдеттүү эмес.

4. 2026-жылдын жайында университетке өтүп, бирок кийин окуудан чыгарылган студент май айындагы ЖРТнын жыйынтыгы менен кышкы кабыл алууга катыша алабы? Окуудан чыгарылуу себептери мааниге ээби?

- ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго кабыл алуу конкурсуна катышууга ЖОЖдун студенти болуп саналбаган абитуриенттер укуктуу. Ошондуктан окуудан чыгарылган студент окуудан чыгарылуу себептерине карабастан кышкы кабыл алууга катыша алат.

5. Кышкы кабыл алууда ЖРТнын кандай босого баллдары колдонулат? Жайкы кабыл алуу кампаниясынын талаптары сакталабы? Медициналык, педагогикалык жана башка багыттар үчүн өзүнчө талаптар барбы?

- Жайкы жана кышкы кабыл алуудагы ЖОЖдорго кабыл алуу эрежелери бирдей. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан жайкы кабыл алуу үчүн белгиленген босого баллдар кышкы кабыл алууга да колдонулат. Медициналык адистиктерге өтүү үчүн абитуриенттер негизги тесттен жана предметтик тесттерден (химия, биология) белгиленген босого баллга барабар же андан жогору балл алышы керек.

6. Университеттерге кышкы кабыл алуу документтерин кабыл алуу качан башталат, кабыл алуунун канча туру өткөрүлөт жана жыйынтыктар качан жарыяланат?

- Кышкы кабыл алуу мезгилинде ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын декабрь айында чыгарылуучу буйругу менен бекитилет.

7. Абитуриент кышкы кабыл алуу учурунда бир нече университетке же бир нече адистикке бир эле учурда арыз бере алабы? Арыздардын санына чектөө барбы?

- Ар бир турда абитуриент контракттык негизде окууга кабыл алуу конкурсуна катышуу үчүн бир арыз берүүгө укуктуу.