![](https://oshsu.kg/public/storage/uploads/thumbnail/O2d1KwdFCSpCNU7ztaf55FSRfQ8XznpLIGrO2z6T.jpeg)
Меморандумга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбектов жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кол койду.
Меморандумда Ош шаардык мэриясы менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда социалдык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен бөлүшүү, санариптик инфратүзүмдөрдү пайдаланууда маалыматтар менен бөлүшүү, тажрыйбалуу кадрларды жөнөтүү менен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү жана кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу каралган.