Ректор Кудайберди Кожобеков QS Eurasia 2026 форумунда ОшМУнун тажрыйбасын тааныштырды

Anasayfa Haberler

Ректор Кудайберди Кожобеков QS Eurasia 2026 форумунда ОшМУнун тажрыйбасын тааныштырды

Image

19-ноябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн QS Eurasia 2026 эл аралык форумуна дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн билим берүү тармагынын жетекчилери, университет ректорлору, эл аралык уюмдардын, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун панелдик сессияларынын биринде Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөдү. Ал Евразия, Азия жана Жакынкы Чыгыштагы университеттердин кызматташтыгын өнүктүрүүдө туруктуу инновациялык коридорлорду түзүүнүн маанисине токтолду. Ошондой эле университеттердин кызматташуусу меморандумдар менен гана чектелбестен, билим берүү, илим, технология, академиялык мобилдүүлүк жана маданий байланыштар аркылуу конкреттүү натыйжаларга жетиши керектигин белгиледи. Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин эл аралык кызматташтыгынын беш негизги багыты, бул жаатта топтогон тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Сөзүнүн соңунда ректор инновациялык коридорлорду туруктуу өнүктүрүү үчүн үч негизги милдетти белгиледи. Алар – жогорку билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү жана академиялык мобилдүүлүккө шарт түзүү, илимий изилдөөлөрдү каржылоонун аймактар аралык механизмдерин өнүктүрүү, биргелешкен маалымат базаларына, санариптик илимий платформаларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү.

«Бүгүнкү биздин милдет Евразия, Азия жана Жакынкы Чыгыштын кесилиштерин интеллекттин, технологиялардын жана капиталдын жолугушкан мейкиндигине айландыруу. Ош мамлекеттик университети жаңы өнөктөштүктөргө, тармактык кампустарды түзүүгө жана ири илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга ачык», – деди Кудайберди Кожобеков.

Аталган сессияга Чыгыш Кытай илим жана технология университетинин вице-президенти Тао Ли, Казакстандагы Erasmus+ улуттук кеңсесинин координатору Лаура Палуанова, эл аралык Казак-түрк университетинин ректору Жанар Темирбекова да катышты.

QS Eurasia Forum – жогорку билим берүү тармагындагы дүйнөлүк тенденцияларды, университеттердин эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, стратегиялык өнөктөштүктү жана инновациялык өнүгүүнү талкуулаган эл аралык аянтча. Форумду Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, британдык QS Quacquarelli Symonds агенттиги биргеликте уюштурган.

fotoğraf Galerisi